www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев эртеңки КСДПнын съездинде эмне сүйлөшү мүмкүн? Менин оюмча “мен кыйраткам”, “мен кылгам”, “силер кылбай атасыңар”, “көзүңөрдү ачкыла” деген маанидеги сөздү сүйлөшү мүмкүн. Чынында эле Атамбаев эмне иш кылды? Жээнбеков эмне кылып жатат?

Тышкы саясатта:

Атамбаев Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Турция менен чыр чатака барды. Натыйжада чер аралар жабылып, жөнөкөй жарандар олуттуу зыяндарга учурап, адам каза болгон учур дагы катталды.

Жээнбеков биринчи эле расмий иш сапары менен чет өлкөлөргө барып Атамбаев бузуп кеткен мамилелерди оңдоп келди.

Ички саясатта:

Атамбаевдин “Таластын эли эл эмес, Нарындыктар малсыңар” деген сөзү интернетке жарыяланып, бир канча нааразычылыктарды жаратты. Азырынча Жээнбеков ички саясатта аймактык же кандайдыр бир бөлүнүүгө алып келген кадамдарды жасай элек.

Парламентке карата мамилеси:

Атамбаев парламентте алкомагнаттар, молдолор, коррупционерлер, мародерлор отурат деди. Жээнбеков азырынча парламент менен сый мамиледе.

Оппозиция менен мамилеси:

Атамбаев 30га жакын оппозиционерди (Ө.Текебаев, Б.Асанов, Б.Талгарбеков,К.Исаев, С.Жапаров, Д.Чотонов ж.б.) 10 жылдан 20 жылга чейин түрмөгө кести. Жээнбеков оппозицияны саясий куугунтуктоого азырынча бара элек.

Журналистер менен мамилеси:

Атамбаев НТС телеканалын, “Вечерний Бишкек” басылмасын күч менен тартыпалды. “Сентябрь” ж.б. ММКларды жаптырды, 10дон ашуун оппозициялык журналистерди эбегейсиз, миллиондогон суммага доого жыкты. Жээнбеков 24 kg агенттигине кечирим берди, Кабай Карабеков менен соттошуп жатат.

Коррупция менен күрөш: Орусия жана Казакстандын басма сөзүнө таянсак Кыргызстандын бир эле бажы кызматын алып карасак жылына 700 миллион доллар уурдалган экен. Ошондо Атамбаевдин заманындагы беш жылда 3,5 миллиард доллар уурдалган болот. Ушул бир гана бажыдагы уурулук токтогондо тышкы карызыбызды толук төлөп салсак болмок.

Жээнбеков эң биринчи иш багытын коррупция менен күрөшөм деп чечкиндүү билдирүү жасады. Албетте, Жээнбековго анык баа берүү үчүн дагы убакыт керек.

Жээнбеков улуттук лидерге айлануусуна дагы мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Атамбаев мүмкүнчүлүгүн кетирди. Ал өзүн ким экенин көрсөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости