www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев түштөн кийин былтыр соттошкон журналисттерди кечиргенин айтты. Эсиңерде болсо, Атамбаев 2017-жылдын март айында болуп көрбөгөндөй доо арыздары менен кайрылып,  “Zanoza.kg” сайтынын редакторлору Дина Маслова жана Нарын Айыпты, жана аякта комментарий берген укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берип, 30 миллион сомдон ашык айыпка жыккан.

Аны төлөш үчүн Нарын Айыптын карган энеси жашаган квартираны тартып алууга да аракет кылган. Көптөгөн байкоочулар Атамбаев доо арыздарынан президенттиктен кетээрде баш тартып, өзүн айкөл көргөзөт деген ойдо болгон. Бирок ал үмүттөр акталган эмес. Тескерисинче, ал журналисттерге жана сөз эркиндигине чабуулун уланткан. 31-мартта өткөн КСДП съездинде дагы “мен эч качан кечирбейм” деп көк беттик кылган.

Ага салыштырмалуу, жаңы президент Жээнбеков 24.кг сайтын жана журналист Кабай Карабековту кечирип, доо арызын кайра чакыртып алганда, ал кадамына жалпы эл жана эл аралык коомчулук жогорку баа берген. Качан гана Жогорку Кеңеш экс-президенттик статусун жокко чыгарып, өзүн соттоору боюнча чечим чыгарганда, эртеси күнү Алмазбек Атамбаев “материалдык доодон баш тартам” деп жарыялаганга мажбур болду. Муну айкөлдүк деп айтууга болбойт. Ансыз деле Атамбаевдин пайдасына мурун күнкор соттор чыгарган ажыдаарлык өкүмдөрү кайра каралып баштаган, себеби Ак үйдөн Манас Арабаевдерден телефон буйруктар дагы токтотулган. Ошентип, кандай болгон күндө дагы, Алмазбек Атамбаев кыргыз тарыхында “Сөз Эркиндигинин эң чоң душманы” деген ат менен калаары анык.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости