www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан аз күндө өлкөнүн тарыхындагы эӊ  кайгылуу окуялардын бирин эскерет. Бишкектин үстүнөн жарылган Boeing 747-400 жүк ташыган  учактын   алдында  калып, 39 адам, анын ичинде 17 бала  жарык дүйнө менен кош айтышкан. 

Өлкө ошондой эле мына ошол кайгылуу күндөрдө Кыргызстандын президентинин  элге барып, көӊүл айтууга дагы мойну жар бербегенин эскерет. Болгону кудуретсиз айрымдар гана бийик трибунадан ар бир жаранга камкордук көрүп жатканын  какшаган  Алмазбек Атамбаевдин кайгылуу окуяны четтен карап турганын жакшы билишет. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандыктардын өлүмүнө эмес, кара жолтой Boeing ага алып келе жаткан 85 тонна контрабандалык жүктүн жоголгонуна кайгырган.

2017-жылдын 16-январында Гонконгдон Бишкекке келе жаткан Boeing 747-400 Кыргызстандын борборундагы «Манас» аэропортуна 1, 5 км жетпей калган . Учак  аэропорттун айланасындагы Дача-Су айылына кулап, 32 үй талкаланган.

Boeing   Гонконг — Бишкек — Стамбул маршрутун аткарган  экипаждын составында беш адам болгон.  39 адам каза таап, алардын арасында 17си жаш балдар болгон. Ондогон адамдар оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ошол мезгилде көп өлкөлөрдүн жетекчилери Кыргызстандын элине көӊүл айтышты. Болгону бир адам, Республиканын  лидери  Алмазбек Атамбаев ооз ачканга жараган эмес. Анткени, Алмазбек Атамбаев жарылган Boeing демократ болуп көрүнгүсү келген  президенттин беткабын сыйрып, көптөгөн кара иштердин бетин ачат деп коркуп кеткен.

Кайгылуу окуя болгон жердеги урандыларды тазалоо иштеринде  Boeingдин бортундагы 85 тонна жүк — смартфондор жана  планшеттер экендиги белгилүү болгон. Болгондо дагы бул жүк тиешелүү документтерде көрсөтүлбөгөнү менен Кыргызстанда күтүп жатышкандыгы белгилүү болду.   

Себеби, смартфондордогу инструкциялар кыргыз жана орус тилдеринде болгон.

Кыргыз  официалдуу бийлиги жүк Турцияга таандык, ал эми  «Turkish Airlines» компаниясына катталган THY 6491 рейси Бишкекке май куюу үчүн гана конгонун айтып актануунун аракетин жасашты. 

Бирок, бул версия катастрофа болгон жерден алынган анализдердин жыйынтыгы менен четке кагылды.  Анткени, официалдуу бийлик билдиргендей эмес,  Boeingдин багындагы күйүүчү май  учак  Бишкекке конбой туруп, Стамбулга жетээрлик болгондугу белгилүү болгон.

Бул окуяда мындан башка дагы бир катар кызыктуу фактылар «калкып» чыкты.  Учак  Алмазбек Атамбаевдин бизнес-партнерлору такай колдонгон «My Cargo Airlines» деп аталган башка турциялык компанияга тиешелүү экендиги белгилүү болду. Борт буга чейин дагы Бишкекке жүк ташып келип, Стамбулга куру кайтып жүргөндүгү ачыкталды.

Мындан сырткары, Гонконгдон Бишкекке бир нече жолу жүк менен учуп келген  (Стамбулга куру кайткан)   «My Cargo Airlines» авиакомпаниясынын  учагынын  Кыргызстанда  жүк ташуу  иштерине эч кандай лицензиясы болгон эмес.

Айта кетүүчү жагдай, кырсыктан кийин авиакомпаниянын өкүлү ЖМКларга кулаган учак «Манас» аэропортуна жүк түшүрүү үчүн келгенин тастыктады. Ошондой эле алардын компаниясына таандык учактар Кытайдан Кыргызстанга буга чейин 52 рейс жасаганын ачыктады.

Авиакырсыктан кийин болсо дагы элементардык математикалык эсеп менен контрабанданын көлөмүн аныктоого болот. Бир  iPhone (бортто так ушулар болгон)   болжол менен 400 грамм салмакка ээ, 85 тонна жүк —   212 500   iPhone маркасындагы смартфон болуп чыгат. Эгер эсептеп көрсөк,   бир iPhone 6  же 6 S (өткөн жылдын январында так ушулар көп өткөн товар болгон) аз дегенде 500 АКШ доллары болгон же болбосо жүктүн баасы аз дегенде 106 250 000 АКШ доллары болгон! Сатып алууну баасын алып салалы (же болбосо бул сумманын 40 пайызын),  ошондо 64 миллион АКШ доллары  менен таза киреше келип чыгат. Талкаланган учактагы жүктүн ээлери так ушунча кирешеге ээ болмок.

Рейстин мүнөздөмөсү жана  жүккө тиешелүү документтер (тагыраагы алардын таптакыр жоктугу) жүктүн ээлери аларды декларациядан өткөрүүгө аракет кылбагандыгын айтып турат. Аталган фактыга  жүктүн ээлери Кыргызстанда дагы, Турцияда дагы табылбагандыгы кошумча болот, бул тууралуу   Кыргызстандын транспорт министри  Жамшитбек Калилов бир аз күн өтпөй жарыя кылган эле.

Бул бир гана нерсени түшүндүрөт – «кандуу бизнестин» башында  Кыргызстанда эӊ таасирдүү адам  — Республиканын президенти  Алмазбек Атамбаев турган, ошол себептен контрабандалык махинация тууралуу өлкөнүн ичинде жана сыртта дагы коомчулукка кеӊири таралышын эч ким каалаган эмес.

Ошентсе дагы,  Жогорку Кенештин депутаты  ( негизделген күндөн бери келе жаткан) Өмүрбек Текебаев жүктүн кимге таандык экендигин өз алдынча иликтөөнү чечкен. Ал а түгүл, өзүнүн шектенүүсүн тастыктоо үчүн далилдерди издеп Европага чейин барган. Биздин пикирибизде, ал далилдерди  тапкан-ошол себептен ага коррупциялык алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгоп, Венадан Бишкекке кайткан жеринен, тактап айтканда аэропорттон камашкан.  Кызыгы, өзүнүн чыр-чатактуу жана соттук иштери менен «атагы» чыккан россиялык ишкер Леонид Маевскийдин айыптоо ишинин жабырлануучусу жана негизги күбөсү болгондугу көп суроону жаратат.

Кыргызстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясы депутаттын кол тийбестигин тез арада ажыратып, сот өткөн жылдын август айында анны сегиз жылга эркинен ажыратты. Ошол күндөргө удаа эле  Текебаевдин жактоочусунун короосуна уурулар кирип, анын иши боюнча папканы алып кетишти. Көрүнүп тургандай, аталган папкада 2017-жылдын январындагы авикырсыкка тиешелүү маалыматтар дагы болгон.

Бүгүн, жападан-жалгыз күйүп кеткен жүктүн артында ким тургандыгын айтып бере тургандар бул кытай товарын саткандар. Бирок, кытайлар акылдуулук кылып кетишти. Алардын колунда Алмазбек Атамбаевге компроматы бар үчүн Кытайдын  кызыкчылыгын көздөгөн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууга «макулдатууга» жетишти. Болгондо дагы Бишкек үчүн бир топ ыӊгайлуу болбогон шарттар менен: Пекин темир жол магистралы курула турган жерди, темир жолду жана ондогон пайдалуу кендерди менчикке алуу менен жүргүзө турган болду.

Дагы бир кызыктуу факты.Эгер акыркы 15 жыл Кытай Кыргызстанды республиканын аймагындагы курулушу 2 миллиард долларды түзүп жана  Пекин  өзү каржылай турган аталган долбоорго макулдата албай келсе, эми Алмазбек  Атамбаев Кытайдан аталган темир жолдун курулушуна 6 миллиард АКШ доллары менен кредит (!)  алууга ниетин билдирди.

Тактап айтканда, Бишкек 6 миллиард кредитке малынып, Кытайга өзүнүн жерин берип, ал эми  темир жолду эл аралык келишимге ылайык «China National Machinery Imp. & Exp. Corporation»  (долбоордун жетекчиси Чжу Сяомэй)  кытайлык компаниясы кура турган болду. Курулушта  кытай жумушчулары иштеп, ал эми Кытайга кыргыз кендери берилмекчи. Мунун бардыгы —  Бишкектин үстүндө жарылган Boeingде Кыргызстандын президенти саттырган контрабандалык смартфондор болгондугун  Пекин дүйнө жүзүнө жарыя салбай турган ооз басырыгы!

Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасынын экс-президенти контрабанда менен алектенип жана өлкөнүн байлыгын сатып миллиарддаган долларга байып, эми анын «бизнес боткосу» үчүн ансыз дагы бул жалганчы демократтын башкаруусунун тушунда ого бетер жакырланган  кыргыз эли төлөмөр болуп отурат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости