www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузган болсом, анда мен да жооп беремин» деген сөздү экс-президент А. Атамбаев көп жолу кайталап айтып келген. Ошону менен катар эле ал эгерде анын командасындагы жакын адамдары да коррупцияга аралашкан болсо, айоо болбой турганын, жоопкерчиликке тартыла турганын көп айтчу.
Кыязы, мына ушул айтылган убадаларды аткаруучу мезгил келди окшойт деп турганда, А. Атамбаевдин командасындагылар четинен чет мамлекеттерге чыга башташканы маалым болду.
Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев жана орун басары болуп жүргөн Болот Сүйүмбаев чет мамлекеттердин бирине чыгып кетишкен. Азырынча алардын кайсыл мамлекетке жана кандай максатта чыгып кетишкени белгисиз.
Буга чейин деле айрым саясатчылардын чет мамлекеттерге ден соолугун шылтоолоп же жөн гана эс алуу үчүн деп чыгып кетишип, кайра кайтпай койгон фактылары кездешкен.
Ал эми экс-президенттин өтө жакын адамы катары саналган, кадрдык маселелерди чечип келген шоопуру Икрам Илмиянов болсо, өзүнүн акыркы алты жылда топтогон мүлк-байлыктарын Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгарып жатканын бизге кабарлагандар бар.
7-апрелде «Ата-Бейитке» келип апрель революциясында курман болгон баатырлардын арбагына багыштап, куран окуп койгонго жарабаган экс-президент А. Атамбаев «Граф» каймана аты бар казакстандык олигарх А. Ибрагимовдун жеке самолету менен Кытайга учуп кеткени маалымдалды. Аны коштоп УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, 9-бөлүмдү жетектеп келген Дамир Мусакеев жана дагы үч жансакчысы чогуу учуп кеткен.
Буга чейин Атамбаев маалымат жыйынында Кытайга кайсы бир форумга катышуу үчүн бара турганын билдирген. Бирок, айрым маалыматтарга караганда Атамбаевдин Кытайга сапарынын негизги максаты форумга катышуу деле эмес.
Булак: NazarNews.kg