www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунан  “кара мышык” өткөнү тууралуу сөздөр коомчулукта көп айтылып, Атамбаев Жээнбековго президенттикти өткөрүп “бергенине” өкүнүп жатканы тууралуу имиштер менен коштолууда.

Бул сөздөр жана имиштер чындыкка жакын экени 17-мартта дагы бир жолу ырасталгандай болду. Бул күнү атамбаевчылар Аксы окуясын эскеримиш болуп, Жээнбековго ич күптүлөрүн чыгарышты.

Орус такырбаш улутчулдарынын оюндагысын Жириновский айткандай эле Атамбаевдин оюндагысын Мээрбек Мискенбаев деген айтып келатат. Ал депутат да болуп көрдү. Бирок көрөңгөсү жетпедиби же башка себеп болдубу айтоор мандатын 2016-жылы эле таштап кеткен.

Атамбаевдин оюндагысын мына ошол Мискенбаев 17-мартта айтты. Ал “Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин убада кылгандай депутаттык мандатты таштаган жок. Үй-бүлөлүк башкаруу жөнүндө сөз болбош үчүн Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырыш керек” деди.

Асылбек Жээнбековдон мандатын тапшырууну Атамбаев талап кылып, Асылбек аны аткаруудан баш тартканы тууралуу сөздөр саясий чөйрөдө кеңири айтылып келаткан сөздөрдөн эле, ал чындыкка жакын экени Мискенбаев тарабынан тастыкталууда.

Атамбаев президент кезинде парламентке келген, анын колдоосу менен Жогорку Кеңештин төрагасы болгон Асылбек Жээнбеков эмнеси менен коркунучтуу болуп жатат?

Кыязы, Асылбек Жээнбеков КСДПы фракциясынын айрым мүчөлөрүн, жалпы эле Жогорку Кеңеш депутаттарын президент агасынын айланасында чогултуу мүмкүнчүлүгу менен Атамбаевдин “түн уйкусун” бузуп жаткандай. Эгерде Асылбек Жээнбеков парламентти Сооронбай Жээнбековдун айланасында баш кошууга жетише алса, анда Атамбаевге, анын каалагандай калчоо мүмкүнчүлүгүнө катуу сокку урулат. Анткени аны менен Сооронбай Жээнбеков өкмөт жана парламентти көзөмөлдөөгө жетишет. Чыныгы президент болот.

Атамбаевдин максаты мына ушуга жол бербөө. Ошон үчүн андай мүмкүнчүлүккө жол берген жагдайды, бул жерде Асылбек Жээнбековду оюндан чыгаруу маселеси турат.

Атамбаев, Мискенбаев жана анын айланасындагылар Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына, ал жерден Атамбаевдин айрым адамдарынын четтетилүүсүнө абдан ич күптү экенин билдирди. Апрелчилербиз дегендердин 17-мартта Атамбаевдин түнөгү “Медиа Форумда” кабыл алган чечимде “Жаныш Бакиевдин кадрлары кызматка дайындалбасын” деген талап коюлду.

Атамбаев жана Мискенбаевдин бул талабы УКМКа алдындагы АКСтын жетекчилигине 6-мартта дайындалган Сагынбек Исмаиловго багытталганы билинип турат. Исмаиловго каршы буга чейин эле башка маалымат каражаттарынан да чабуул жасалып, ал Жаныш Бакиевдин кадры катары сыпатталган.

Атамбаев жана Мискенбаев Сооронбай Жээнбеков бир жагын тандасын дегендей талабын да койгон. Алар Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевди курултайга чакырган курултайчыларды чагымчылар деп атап, аларды айыптоо талабын мына ошондон коюп жатышат.

Курултай уюштуруучулары болсо коррупцияга каршы күрөштө Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөтүп, Атамбаев кадрларынан арылууну, коррупционерлерди жазалоо маселесин коюп жатышат.

Ошентип, эки тарап Сооронбай Жээнбековду эки колунан эки жакка тартып, “аркан тартмай оюну” башталууда.

Бул «оюндун» экинчи бөлүгү 7-апрелде коюлушу күтүлөт.

Эгерде Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө натыйжа бере албадыңар деп, УКМКа башчысын, Башкы прокурорду, ИИМ башчысын кызматтан алса, кармаш ачык мүнөзгө өтө баштачудай.

Жакында «Жаңы ордо» гезитине бир маалымат чыкты. Анда Сооронбай Жээнбековго Атамбаев Астана саммитине барбоону,  ордуна премьер-министр Сапар Исаковду жөнөтүүнү талап кылганы айтылат. Жээнбеков президенттер саммитине президент катары өзүм барам деп, моюн толгоп кете берген.

Жээнбеков кээде өзүнүкүн бербеси парламентте Өмүрбек Текебаев менен тиреште байкалган эле. Анда Текебаев өкмөттү биз түзгөнбүз, сизди биз шайлаганбыз,  ошондуктан эч кайда барбайсыз, парламентте маселе каралып бүткүчө болосуз деген талапты койгон эле. Ал кезде өкмөт башчы болгон Сооронбай Жээнбеков «эмнеге барбайт экенмин. Барамын» деп парламенттен кетип калган.

Атамбаев менен мына ошол нерсе кайталангандай…

Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековду Астанага жөнөтпөө максаты түшүнүктүү. Биринчиден, Атамбаевдин Назарбаев менен мамилеси ит-мышык. Экинчиден, Жээнбековдун эл аралык жыйындарга катышып салмак алышын, мүмкүн Назарбаевден кандайдыр бир купуя маалыматтарды алышын каалабайт…

Булак: Элньюс

Последние новости