www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев журналисттерге койгон материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн Социал-демократтар партиясы билдирүү таратты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Анда Атамбаевге шилтеме берүү менен “Расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта соңку жылда болгон позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызымдын материалдык бөлүгүнөн баш тартуума мүмкүнчүлүк берүүдө” деп айтылат.
2017-жылдын 20-апрелинде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган Атамбаевди сындаган материал себеп болгон.
Октябрь райондук соту башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.
Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.
Мындан мурдараак Жогорку сот укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата кенемтени бөлбөй төлөө боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарган.
Жогорку соттун коллегиясы 23-апрелде Масловага байланыштуу соттук ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Андан мурдараак Жогорку сот Жакуповага карата кенемтени бөлбөй төлөө боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарган.
Булак: NazarNews.kg