www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-раут

 Кыргыздын төртүнчү «матушкасы» Атамбаева Раиса ресторанга эртерээк барып, кечээки кол алдында иштеген  кыргыздын бешинчи «матушкасы» Жээнбекова Айгүлдү  күтүп калат. Аңгыча Жээнбекова Айгүл, анын артынан Жапарова Айгүл келип калат. Келер менен Атамбаева Раиса частушка менен качырып кирет, Жээнбекова Айгүл жооп берип, Жапарова Айгүл унчукпай калыстыкта калат:

 

Атамбаева Раиса:

«Матушка» деп чиренип,

Сүйлөйсүңөр  тим эле.

Мен канайым кезинде,

Айгүл байкуш ким эле?

деп жаңыдан кирип келген еврей «кара көлөкөгө» суроо салат.

 

«Кара көлөкө»:

Седе бахор хацева,

Хайва мацер шацева.

(Бул жерден бир боор кыргыз элинен кечирим сурайбыз. Ивритче билген кишибиз жок, которо албай, айтылышы боюнча бердик).

 

Жээнбекова Айгүл:

Демократия курам деп,

Таппай коюп жол оңун.

Абышкаңды жетелеп,

Кыргызды бүт тонодуң.

 

Атамбаева Раиса:

Алты жылы оңодум,

Алты жылы тонодум.

Жетпей эле ага сен,

Желпинип не тонодуң?

 

Жээнбекова Айгүл:

Алты жылы башкардың,

Чалың экөөң сугалак.

Абышкаңды камакка,

Кийиргенбиз кубалап.

 

 Атамбаева Раиса:

Эрте эмеспи же кечпи,

Бизге неге күлөсүң?

Абышкаңды жетелеп,

Кайсы жерде жүрөсүң?

 

Жээнбекова Айгүл:

Мылжыйса да абышкаң,

Жакшы көрчү эмнеге?

Шакирт болуп абышкам

Үйрөнүптүр жегенге.

 

Атамбаева Раиса:

Жегенибиз чын биздин,

Бул айтканың эп бойдон.

Алты жыл биз жегенди,

Абышкаң,

Үч жылда эле жеп койгон.

 

Жээнбекова Айгүл

Сенин чалың турганда,

Жансакчы менен шопурлар.

Бийлик жакка барчу эле

Бир заматта «котурлар»..

 

Атамбаева Раиса:

Сенин чалың турганда,

Жүргөн кимдер бу кабар.

Жөлөп-таяп бийликте,

Куда-сөөк, туугандар.

 

(Ортодон сөзгө  «кара көлөкө» аралашат)

 

«Кара көлөкө»:

Зо гедерах куда-сөөк,

Исраэл куда моушн.

Хадэр эйлат бир тууган,

Маскоу «мощный».

 

Атамбаева Раиса:

Эмне деп келжиреп атат алдагы жөөлүгөн жөөт?

(Ага которуп беришет, ал башын ийкейт).

 

Жээнбекова Айгүл:

Менин чалым турганда,

Мухаммедкалый аркалык.

 Ак үй жакта жүрдү го ,

Абышкадан барк алып.

 

Атамбаева Раиса:

Тойгузуп койсо курсагын
Ээсине үрбөйт иттериң.

Ажолуктан качкан соң

Гуля канча биттедиң?

 

Жээнбекова Айгүл:

Менин чалым турганда,

Кризис болуп дүйнөлүк.

Бары болду тескери
Баратканда үйрөнүп.

 

Атамбаева Раиса:

Камап салдык бизди деп,

Жүрдүңөр го ураалап.

Алты жылга жеткизбей.

Элиң салды кубалап.

 

«Кара көлөкө»:

Аль-масрах ан-нахад

Раматкан инбал хад.

 

Жээнбекова Айгүл:

Чалың экөөң чалчактап

Ырахатка баттыңар.

Жүз миң сомдук стулду,

Музей жакка таптыңар.

 

Атамбаева Раиса:

Алмаз ажо кезинде,

Кол бошобой тойлордон.

Музей жакты оңдойм деп,

Сенин чалың кол койгон.

 

Жээнбекова Айгүл:

ТЭЦти оңдойм деп Кытайга,

Карыз кылып таштаган.

Кымбатчылык дегенди

Сенин чалың баштаган.

 

Атамбаева Раиса:

Үч жыл ажо болом деп,

Сенин чалың оңбоду.

Кымбаттатсак неге ал

Арзандатып койбоду?

 

Жээнбекова Айгүл:

Үйрөнөм деп Алмаздан,

Үйрөнүптүр жегенди.

Тилдей бербей кечке эле

Токтотсоңчу жемеңди.

 

Атамбаева Раиса:

Сенин күйөөң башынан,

Жакшы көрчү акчаны.

Жакпай калды Алмаздын,

Кой-Таш жакта жатканы?

 

Жээнбекова Айгүл:

Башкармадай болсо да,

Баркын билип сүйлөгөн.

Баскан жакты КНРди,

Путин жактан үйрөнгөн.

 

Атамбаева Раиса:

Сенин чалың турганда,

Айкүр турган чүкөлөр.

Үч пайыздуу барк менен,

Үлкөн болгон үкөлөр.

 

«Кара көлөкө»:

Аль-иттихад ал-нике.

Херуцалем гацаве.

Аль-гамиш маар.

Мусулмандар…

(Төрт бармагын көрсөтөт)

 

Жээнбекова Айгүл:

Керек болсо Раиса,

Келип мени чокуп ал.

Башкарган оң үкалар,

Башкарганча шопурлар.

 

 

Атамбаева Раиса:

Кантип өттү кокодон,

«Азиямолль» заматта.

Бабановдун орду түз,

Болмок эле камакта.

 

Жээнбекова Айгүл:

Акча десе арыштап,

Сенин чалың сугалак.

Бабановду Маскөөгө,

Койгон өзү кубалап.

 

Атамбаева Раиса:

Кубаласа Өмүштү,

Чалың үчүн жасаган.

Дос деп жүрүп Алмазым,

Парашаны ашаган.

 

Жээнбекова Айгүл:

Сени дагы жоболоң,

Таштады деп кеп угам.
Башаламан, митингди,

Баштады деп кеп угам.

 (уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости