www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Атамбаевдин уулу Сейтек минтип жазып жатат: “Негизи, оштуктар трайбалист болушат. Уялышпай түндүктө жашашат. Акыр-аягы бөлүнөбүз го дейм”, – деп. 2005-жылы 24-марттан соң, Жириновкийдин: “Кыргызды бөлүп салыш керек, Түштүгүн Өзбекстанга кошуп, Түндүгүн Казакстанга кошуп”, – дегени бар. Жириновскийдин оозуна кимдин алы жетмек эле? Бирок башка болсо бир жөн, экс-президент Атамбаевдин баласы сепаратисттик ойлорду ачык айтып жатса эмне дейбиз. Парламенттин депутаты Сейид Атамбаев элдин таламын талашпай өз атасынын бошотулушу үчүн кам көрүп жүрөт. Ар ким өз атасынын камын көрөт, бул туурулуу иш. Бирок депутат болуп шайланып келерде Атамбаев элди алдап, алар үчүн кам көрөм деп кат-кат убадаларды бербеди беле? Ал эми Атамбаевдин экинчи аялы Раиса Атамбаевадан туулган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев: «Ачка болуп баратам» дегенден башка ырыстуу сөз айта элек. Эгер мульти-миллионер Атамбаевдин баласы ачка болсо калгандар эмне болобуз?

СДПК көмүлбөй эле өлгөн. Сөөктөрү туш-тарапка тарап, ар кайсы партияны чиритип жүрөт. Экс-президент Атамбаев СДПК партиясынан жана анын клондору болгон башка партиялардан депутат болуп келген парламентке «чимкириктер» деген көрүнүктүү наам берген. Анын жинденип «ПК» тамгасын жыга чаап СД партиясын түзгөн. СДПК партиясы сыяктуу СД партиясы саясаттан сүрүлүп, ара жолдо жүрөт. 2020-жылдын 4-октябрында миллиондорду чачкан СД партиясы парламентке өтпөй калып, аябагандай жеңилүү ызасын тартып, АКШнын жардамы менен башаламандык уюштуруп, лидери Атамбаевге эркиндик алып берген. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 10 миллион 262 миң сом короткон “Кыргызстан социал-демократтары” шаардык кеңешке кирүү үчүн зарыл болгон 7% добуш топтой алышкан эмес. Кайра шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине СД партиясы өтсө дагы парламенттик шайлоого Жогорку Кеңешке караандабай калды. Аламүдүн округунан Атамбаевдин уулу Сейид өткөн, ал парламентте Кой-Таш деп тоту кушча сайрап турат.

Көрсө, 2020-жылы  мурунку президенттин уулдары – Сейид, Кадырбек, ошондой эле аларга кошулган Темирлан Султанбеков өткөн жылы жеңил ойго жетеленишип кайрымдуулук менен Атамбаевдин акчасын сапырып “шоу” уюштурушкан. Алар психиатриялык ооруканада жаткан балдарга жардам алып келишип, ал жердеги бейтаптар менен камерага кучакташып сүрөткө түшүп, же болбосо “саясий туткундарга” алыс эмес жерлерде өткөрүп берүү үчүн самса бышырышат. Болуп өткөн шайлоолордо буларга Равшан Жээнбековдун, Анвар Артыковдун жана Атамбаевдин башкы коргоочусу Ирина Карамушкинанын колдоосу таасир эткен жок. Өзгөчө Карамушкинанын оозунан төөнүн буурасынан атырылып чыккандай көбүк чыгып, өзүнүн башчысынын апапак жана үлпүлдөп жибектей созулуп калгандыгын дагы деле болсо далилдөөгө аракет кылып жаткандыгы жаш саясатчыларга анчейин жардам берген жок. Ошондуктан булар Ак үйдүн алдына чейин митинг уюштурушуп, саясатка кайра чабуул койо башташты.

Шайлоолордо мурунку СДПК партиясындай биринчи мөөрөйдү алабыз дешип акчаларды самандай сапырышып, булар жутунушуп келишет. Социал-демократтар шайлоо жарышы үчүн мынча миллионду кайдан тапты? Атамбаевдин үй-бүлөсү атасы камакка алынгандан кийин, оокатсыз ачка калышканын бир нече жолу айткан. 2019-жылы Раиса Атамбаева журналисттерге үй-бүлөдө “бир дагы турак үй жок” деп нааразы болгон. Балким чын эле свалкада таштанды издеген үйү жок БОМЖдар сыяктуу болуп калгандыр? Анткени, мульти-миллиардердин миллиарддарын катып элге эч нерсебиз жок деп жакшы көрүнүш керек эле да. Акчасы жок байкуштар өткөн жазда Атамбаев Кадырбектин жалгыз элиталык квартирасын сатып жиберишти. Анан эмне кылат, ачкадан өлүшөбү? Ресторанга барып кымбат баалуу тамактардан ичип көнүп калышкан булар ушул жылдын март айында Казакстандын ЖМКларына берген маегинде мурунку президенттин үй-бүлөсү бир нече жылдан бери аларды атасынын туугандары жана жакындары материалдык жактан колдоп, тамак берип келатышканын айтышкан. Раиса Атамбаева кошумчалагандай, ал кичүү уулу менен туугандарынын үйүндө жашайт. Кыймылсыз мүлк, автоунаалар жана банк эсептеринен тышкары, анын айлыгы камакка алынган. Таксиге акчасы жетпей, коомдук транспортто жүргөн учурлары болгон. Эмне экен коомдук транспортто жүрүшсө, элдин бары эле ошентип эле жашап келатышат. Ал эмес Атамбаевдин президенттик убагында коомдук транспорт жол кирени 8 сомго көтөрүп жиберишип, ага түшкөнгө акча таппай калышкан. Кадыр Атамбаев депутат болгону жол кире дагы көтөрүлгөн.

Бишкектеги шайлоого Атамбаевдин уулдары партиянын алдыңкы тизмесине кирген талапкерлерден чогултуп алышкан. Баса, партияны жетектеген Кадырбек Атамбаевдин артынан “Альфа” курулуш компаниясынын башчысы Рустам Джон келди. Тизмеге БГКнын депутаты Увазарбек Адылбеков дагы кирген. Бирок, меценаттын жардамысыз (темир тор артында отурган адам болсо дагы), ал аткарылган жок.

“Социал-демократтар” шайлоочулардын колдоосун ала албаса, анда маселени чечүүнүн эки жолу бар экендигин түшүнүшү керек. Биринчиси, шайлоочулар менен маал-маалы менен эмес, туруктуу иштөө аркылуу саясий потенциалды арттыруу. Экинчиси, саясий аренадан татыктуу кетүү. Экинчисин акыркы шаардык шайлоонун жыйынтыгы ачык-айкын көрсөтүп жатат – 5,5 пайыз добуш менен. Канча акча чачышса да аз добуш алышты. Бул жолу партиянын саясий флагманы да чөгүп баратат. Атамбаевдин заманы өтүп, аны колдогондор жок экенин эл далилдеп берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости