www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Украина кризиси боюнча Кытайдын позициясы объективдүү жана адилет экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, "Кытайдын позициясы объективдүү жана адилеттүү, көпчүлүк мамлекеттердин мүдөөсүнө шайкеш келет жана Кытайдын позициясы тарыхтын оң жагында экенин убакыт көрсөтөт", - деди Ван И жекшемби күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында.

Анын айтымында, буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүүсүндө Кытайдын Украина маселеси боюнча позициясын так жана ар тараптуу билдирген. 

Ван И белгилегендей, ок атышууну жана согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу жана карапайым калктын курмандыктарын болтурбоо үчүн кризисти диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү үчүн бардык тараптар биргелешип иштеши керек.

Ал Кытай ар дайым дүйнөдөгү тынчтыкты сактоочу күч катары аракеттенип келгендигин жана ар дайым согушка каршы экендигин баса белгиледи.

"Бул Кытайдын тарыхый жана маданий салттарына гана эмес, Кытайдын ырааттуу тышкы саясатына да негизделген. Кытай мындан ары да объективдүү жана адилеттүү көз карандысыз баа берүүсүн улантат", - деп кошумчалады дипломат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости