www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО Бир күндө 13-14 сомго жашоо мүмкүнбү?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кечээ күнү «Ынтымак» фракциясынын жыйынында – азыр өлкөдө 1 миллион 600 миң адам, же жалпы калктын 25 пайызы жакыр деп айтты. Ар бир төртүнчү адам жакыр, бирок биз баарыбыз хан сарай куруп жатабыз, мингенибиз «Мерседес» же «Лексус», тойканаларга болсо кире албайсың – кезекке туруш керек.

Дүйнөдө – күнүнө 2 доллардан кем тапкандар жакыр деп эсептелет, бул азыр 200 сом, акыркы окуяларга чейин 150 сом болчу. Министрдин айтымында, Кыргызстанда айына 1 миң 648 сомдон кем тапкандар жакыр деп эсептелет, бул – күнүнө 60 сом. Дүйнөдө 150-200 сом, Кыргызстанда болсо 60 сом. Биз такыр башка планетада жүргөндөйбүз.

Министрдин айтымында, өлкөдө 59 миң адам өтө жакыр. Статком өтө жакырлар катарына – жылына 5 миң сомдон кем тапкандарды киргизет, бул – күнүнө 13-14 сом. Атайын мыйзам кабыл алып, өлкөдө жакырчылык жоюлмайынча, бийлик саясат жөнүндө сүйлөбөсүн, олигархтар болсо хан сарай курбасын деген чектөө коюш керек сыяктуу.

Последние новости