www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарынбек Молдобаев деген депутат бар эмес беле. Ар дайым өз пикирин айта алган. Ошол саясатчы жакын досу, олигарх Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясынын лидери болуп шайланган. Молдобаев да жакын арада саясатта чоң өзгөрүү болорун аңдап калгандай. Ар кайсыл саясатчылар менен күчтүү командага айланалы, биригели деген маселеде баш оорутуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кези.

Айрыкча, түндүктүн тың чыкма саясатчыларын бир командага топтоого катуу киришти. Молдобаев мындан бир аз убакыт мурун “Марал” радиосуна барган кезде, Атамбаев аны алдап кеткенин ачыктаган. Ал өзүн алдаган адамды колдобой турганын, ага каршы күчтөр менен сүйлөшүүгө макул болуп жүргөнү да ошондон улам болсо керек. Азыркы президент өз алдынча саясат жүргүзүп, мурункунун саркындыларынан айрылса, аны колдоого ала турган болуп жатат. Нарынбек да тынч жүргөн менен көп саясатчыларды, пулдууларды артынан ээрчитип кете ала турган фигура.

Анын сөзүн сому самандай эле болгон Салымбеков, “Аюнун” кожоюну Шаки, “Мадина” базарынын ээси Салимов эки кылбай турган болсо, Чыныбай, Сариев башында турган саясий топтор колдоого алышат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости