www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана башка айыпталуучуларга каршы сот ишин улантты. Отурумда сот Азирет Медеров төрагалык кылууда.

Отурумдун башында Атамбаев, бир катар адвокаттар жана жабыркаган тараптын өкүлдөрү жок экендиги маалымдалган. Көзөмөлдөөчүлөр берген мурдагы президенттин арызында Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу процесске бара албай турганын жана сотту ал жок өткөрүүнү суранганы жазылган. Арыз менен чогуу медициналык справка берилгени маалым болду.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында Бишкектеги №47 колонияга которулган.

Эске салсак, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот 30-ноябрда Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости