www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ырчы Анжелика Кайратовага жаңы каймана ат койду.

 "Анжелика эмес эле, алжыганка деген ат жарашмак экен. Алжып дөөрүп калганго", – деп жазды адвокат.

"Анжеликанын алжып калганын төмөндөгүлөргө байланыштырып жаздым. Алмазбек Атамбаевдин үйү мыйзамсыз курулган деп жазып да, айтып да жатат. Бирок Кыргыз Республикасынын бир дагы соту мындай чечим чыгарган эмес. 

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча соттун чечими менен экс-президенттин Кой-Таш айылындагы үйү мыйзамсыз конфискацияланган. Муну ар бир компетенттүү юрист тастыктай алат. Анткени, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кылмыштын натыйжасында болгон мүлктү сот конфискациялай алат. Ал эми Алмазбек Атамбаев Батукаевдин өзүнөн да, жакындарынан да үй курууга же башка максаттарга акча алган эмес. Ошондуктан ага мындай айып тагылган жок.

Анжелика акыркы кездери өзүн мусулман катары көрсөтүп келет. Бирок, мен анын мусулмандардын ыйык китебиндеги төмөнкү аят менен тааныш экенине абдан күмөнүм бар: "Бир сөздү айтсаң, тууганга тийиштүү болсо да калыс бол"(Куран, 6:152).

Башкача айтканда, ыймандуу адам кандай гана кырдаал болбосун, жакындарынын кызыкчылыгына каршы болсо да, калыс болуп, чындыкты айтуусу керек. Адил адам калп бирөөнүн балээсине себеп болуп калуусуна жол бербейт.

Анжеликанын динге каршы реклама кылып жатканы өкүнүчтүү. Анын сырткы келбети өзгөргөндөн кийин ички дүйнөсү да өзгөрсө экен деп тилейм.

Чынын айтсам бул аял тууралуу жазгандарым өзүмө жакпай турат. Бирок, жазганга туура келип жатат. Анткени, анын чындыкка дал келбеген сөздөрү, акыркы 3 жылдан бери экс-президенттин укугун, мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоп келген юрист катары мага да тиешелүү. Ошондуктан жооп берүүнү зарыл деп таптым. Анын үстүнө ал белгилүү адам, анын сөздөрү, тилекке каршы, коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнө таасирин тийгизет", - деп жазган Замир Жоошев.

Эскерте кетсек, ырчы Анжелика экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарга өткөрүп берүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости