www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы министрлиги шылуундардан сак болууга чакырды

Кыргызстандын Финансы министрлиги социалдык тармактарда алардын атынан инвестициялык платформа ишке киргендиги жөнүндө жалган маалыматтар тарап жатканын билдирип, жарандарды сак болууга чакырды.

"Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Сак болгула - бул шылуундар. Аларга банк картаңыздын маалыматтарын, электрондук почтаңызды ж.б. жөнөтпөңүз", - деп айтылат билдирүүдө.

10-августта Улуттук банк учурда социалдык тармактар менен мессенжерлерде президент Садыр Жапаровдун жана аталган банктын атынан "кайрылгандардын баарына 10 миң сом өлчөмүндөгү грант берилет" деген жалган маалымат тарап жатканын эскерткен. Анын алдында мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин аялы Айгүл Жапарованын атынан фейк баракча ачылганын, андагы каржылык ар кандай иш-чараларга ишенбөөгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости