www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Юрий Низовскийди кызматтан кетирүү үчүн камашкан жок. Ал коррупциялык схемасы үчүн камалды. Мындай пикирин комдук ишмер Төрөбай Колубаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
--№61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганы маалым болду. Анын камалышы коррупциялык схема мектептерге чейин жеткенинен кабар береби же кызматтан кеткиси келбеген директорлорго ушундай мамиле жасала баштаганын айгинелейби?
--"Кыргызстандын булуң бурчундагы жакшы мектептердин баарында коррупциялык схемалар бар. Ошон үчүн аларды камоо туура эле. Камакка алынган №61 мектептин директору Юрий Низовский ошол коррупциялык схемасынын курмандыгы болду. Аны кызматтан кетирүү үчүн камашкан жок. Коррупциялык схемасы үчүн камалды. Ошон үчүн аны кызматтан күч колдонуп кетирип жатат деп ойлобойм. Себеби, №61 мектептин директору Юрий Низовскийге буга чейин деле бир канча ирет үстүнөн арыз түшкөн. Азыр ошол арыздардын негизинде камакка алынды окшойт", - дейт Төрөбай Колубаев.
Булак: NazarNews.kg