www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-августта, Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын айылынын тургундары (болжолдуу 55-60га жакын жарандар) “Чырпыкты” участкасынан алтын кенин өндүрүүгө лицензиясы бар “Голд Контент” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүнө жана компаниянын техникалары менен шаймандарын алып келүүсүнө каршы экендиктерин билдирүү максатында тынчтык митингине чыгышты.

Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына чогулган Эки-Нарын айылынын тургундарынын талаптарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо, коопсуздук сактоо органдарынын жетекчилери угуп, элдин талабына жараша тиешелүү жоопторун беришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл А.Эргешов “Чырпыкты” участкасындагы кырдаал боюнча жеринде барып абал менен таанышаарын жана мыйзам менен иш алып барылаарын билдирди.

“Ал эми ар кайсы массалык маалымат каражаттарында жарыяланган “бүгүнкү митинг “Жетим Тоо” кенин иштетүүгө каршы уюштурулду” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Митингде “Чырпыкты” аймагындагы бар “Голд Контент” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө гана маселе көтөрүлгөн”, - деп билдирди Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин Эки-Нарын айылынын тургундары Жетим-Тоодо алтын казууга каршы митингге чыгышканы айтылган.

Эске салсак, 2020-жылы сентябрда ошол кездеги Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу министрлиги Чырпыкты чачыранды алтын кени аукциондо сатылганын билдирген. Анда кендин баштапкы баасы 1950 доллар болгону, "Голд Контент" деп аталган компания 3200 доллар сунуштап жеңүүчү аталганын маалымдаган.

Жетим кырка тоосу — Ички Теңир-Тоодо, Чоң Нарын жана Кичи Нарын сууларынын аралыгында жайгашкан. Жаман эчки өрөөнүнүн Кичи Нарын капчыгайына чейин кеңдик багытта созулуп жатат. Узундугу 120 км, туурасы 24 км.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости