www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы СИЗО-5 абагында ачкачылык жарыялаган Уланбек Акматжанов анын ишине көңүл бурууну өтүнүп, президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Уланбек Акматжанов уурулук боюнча айыпталууда. Анын айтымында, ал шериктери менен жүк ташуучу унаанын аккумуляторлорун уурдашкан. 

«Бул ишке жалпысынан беш адам катыштыгы бар. Акматжанов гана мөөнөт алган, калгандары, анын айтымында, айып пул жана шарттуу түрдө кесилип, андан соң бошотулган. Кара-Суу райондук соту Акматжановду алты жылга эркинен ажыраткан. Соттолгон адам бул чечимге каршы болуп, Ош облустук сотуна кайрылган. Бирок, анын айтымында, ар кандай себептерден улам, анын ичинде мамлекеттик айыптоочунун келбей калышынан улам жолугушуулар тынымсыз кийинкиге жылдырылып жатат», - деп айтылат Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон маалыматында.

Эскерте кетсек, Уланбек Акматжанов 9-августта ачкачылык жарыялаган. Жаза аткаруу кызматы аталган жарандын СИЗОнун кызматкерлерине жана кармоо шарттарына эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости