www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Мурунку президенттин Ата-Бейитке барып, окко учкан балдарга кайгырып жүргөнү эл көзүнө жасаган гана аракети болуп калабы?

— Элге ошондой болуп көрүнгөнгө аракет кылды го деп ойлойм. Чын дили менен ошол балдарга кайгырса, алардын арбагын сыйласа акыр түбү азыркыдай болмок эмес да. Балдар өлүмгө башын сайып, революция кылбаганда булар тирүү жашамак эмес. СНБнын түрмөсүндө эле жипке муунуп калмак беле? Айылдагы аксакалдар “Дүйшөке, сен революцияда алдыда жүрдүң. Эгер ошол күнү жеңбей калганда ошол түнү эле сенин башың кетмек” деп айтып жүрүштү.

— Ошол күнү силер менен кошулуп иниси да аянтка чыкты беле?

— Кайдан? Ал күнү ошол жерде кимдер жүргөнүн жакшы билем. Жанымда эки аксакал жүргөн. Инилери коркпосо, духу бар болсо, агасы үчүн күйсө барат болчу да. Ошолор “Жүргүлө, чогулуп алып баралы! Артыбыздан эл ээрчисин” деп чыкса баа берет элем. Анткенге жараган жок.

— Туугандарынан ок тийип же таяк жеп жарадар болгондору да болгон эмеспи?

— Жок эй, туугандары башын бекитип жаткан. Биз башты сайбадыкпы.

— Азыр айылдан Эмилди көрөсүзбү?

— Ал деле айылга келбей калды. Иниси шаардагы кымбат баалуу үйдө жашайт. Айылга келгенден да коркот.

— Эмнеден коркот?

— Косяктары бар да. Эмил эмес, Алмаз байкеге жолуксам, байке келчи, мындай олтуруп сүйлөшө турган сөздөр бар деп айтам. Чыңгыз Айтматов аркылуу жазуучуларга деп Акаевден 50 млн рублди бөлдүрүп алып, заводду сатып алган дегенди угуп жүрчүмүн. Кийин Акаев өзү маек бергенде муну тастыктабадыбы. Ошол акчага заводдун акцияларын сатып алганда дагы муну киргизбей койгондо, Турдубек байке барып заводго киргизиптир.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости