www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социал-демократтар” саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кадыр Атамбаевдин айдоочусу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги жана тергөөгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда “Социал-демократтар” саясий партиясы тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө, 22-январында аталган партиянын депутаттыгына талапкер Эрмек Эрматов аталган саясий партиянын төрагасынын орун басары Кадыр Атамбаевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык, иликтенип жаткан кылмыш иши үчүн мааниси бар далилдерди жашырууга аракет кылгандыгы аныкталган.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тергөө тапшырмасы жана кечиктирилгис тинтүү жөнүндө токтомдун негизинде Эрмек Эрматов башкарган Киа Карнивал үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок ал мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тартып, унаанын салонуна бекинип, уюлдук телефон аркылуу көрсөтмө алып, салондо сакталган электрондук алып жүрүүчүлөрдү жок кылууга аракет жасаган.
Жагдайга байланыштуу унааны ээсине эскертүү берүү менен мажбурлап ачууга туура келген. Бирок Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, укук коргоочулардын унаасына зыян келтирип, качып кеткен. “Перехват” планы жарыяланып, жыйынтыгында унаа Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, ал самбо ыкмаларын колдонуу менен кармалган.
«Учурунда кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, жазык иши үчүн маанилүү документтер жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылган. Алардын арасында Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаевдин аттарына жазылган чет өлкөлүк паспорттор, 70 даана квитанция жана чектер, кара түстөгү китепче жана башка документтер, кара түстөгү РОСО үлгүсүндөгү уюлдук телефон, 5 даана флеш-карта, Samsung үлгүсүндөгү кара түстөгү ноутбук жана анын кубаттоочу кабелдери, Apple iMac 27 моноблогу, эки даана жашыруун видео көзөмөл камерасы, КББ жана ТКБ моделиндеги видео жаздыруучу жабдуулар бар экени аныкталды»,- деп айтылат маалыматта.
Андан соң, кармалган жаран Октябрь РИИБге жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126 жана 128-беренелеринде каралган бузуулар үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилген.