www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайландда бир жыныстагы адамдардын никесин легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди деп «Би-би-си» билдирди.

Өлкөнүн премьер-министри Пхэтхонгтхан Чиннават бул мыйзам тай коомунун гендердик ар түрдүүлүк боюнча маалымдуулугун кеңейте турганын жана ар бир адамды -жынысына, расасына же динине карабастан кабыл алуу, тең укуктарды жана ар-намысты баарына ыраа көрүүнүн далили экенин айткан.

Ага утурлай, «Bangkok Pride» уюму шаар бийлиги менен бирге «Siam Paragon» соода борборунда салтанаттуу иш-чара уюштуруп, 200 жупту үйлөндүргөн.

Эми мыйзамда нике - мурдагыдай эркек менен аялдын ортосундагы эмес, эки адамдын ортосундагы өнөктөштүк катары аныкталат. Бир жыныстагы жуптар гетеросексуалдык жуптар сыяктуу эле укуктарга ээ болушат. Алар ошол эле жеңилдиктерден пайдалана алышат, балдарды багып алууга да укуктуу болушат.

Жаңы мыйзам Тайланддын Жарандык кодексинин 70 бөлүгүнөн «эркек», «аял», «күйөө», «аял» сыяктуу сөздөрдү алып салат. Алардын ордуна «адам» жана «жубай» сыяктуу нейтралдуу терминдер колдонулат. Бирок Тайландда гендердик терминдер сакталган дагы көп эле мыйзам бар.

Тайланд бир жыныстагы адамдардын ортосундагы союзду легалдаштырган Түштүк-Чыгыш Азиянын биринчи мамлекети болуп калды. Буга чейин континентте бир жыныстагы никелерге уруксат Тайванда (2019-жылы) жана Непалда (2023-жылы) гана мыйзам тарабынан кабыл алынган.

Последние новости