www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев эң жан-жөкөрлөрүнүн бири Албек Ибраимов. Ал 2010-жылдан кийин көптөгөн майлуу-сүттүү кызматтарда чалчаңдап жүрүп, соңунда Бишкек мэриясын басып жыгылган.

Бул эрен элдин эсинде 9 миң сомго көчөт сатып алуусу менен эсте калат болуш керек. Албетте андан чоң кыңыр иштери чыкпаса. Кыңыр иштер болсо абдан көптөй. Аны эми Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы иликтей турган болууда.

20-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттар мэрдин жер сатуу, мэрияга таандык имараттарды арзан ижарага берүү жана башка иштерин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Алчаңдаган Албек Ибраевди Ош базарындагы өрт боюнча да текшерүү артыктык кылбайт. Анткени базарда атайын чыгарылган өрттөн жабыркаган соодагерлер айласы куруп турганда “Ош базарын көчүрөбүз” деп бекер керооздоно сүйлөбөсө керек.

Базар атайын өрттөлгөнү айтылып, кылмыш иши козголгон. Өрттүн чыгыш себеби болсо, Ош базарынын ордун ээлөө экени талашсыз…

Булак: Элньюс

Последние новости