www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин акыркы үмүтү үзүлдүбү?

Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда бир канча мыйзамсыз иштерди жасаган, кылмыш иштерге тийиштиги бар болушу мүмкүн деп, аны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүп, түзүлгөн комиссия Атамбаев 6 кылмыш ишке шектүү деген корутундуну чыгарып, парламент көпчүлүк добуш менен корутундуну колдошкон.

Андан соң кабыл алынган чечим Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге 5 иш боюнча кылмыш ишин козгоого негиз бар деп, анын кол тийбестигин алып салууну парламенттен суранган. Мында дагы парламент макулдугун берген. Бирок, Атамбаев парламенттин бул чечимин мыйзамсыз деп, Конституциялык палатага кайрылган болчу. Батукаевдин иши боюнча күбө катары тергөөгө улам-улам чакырылганда баш тартып, бийлик менен атышууга даяр экенин билдирген. Жыйынтыгында өз үйүндө ок атылып, адам өмүрү кыйылды.

Конституциялык палата мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин өтүнүчүн четке какты. Конституциялык палатанын судьялары 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты.

Атамбаевдин акыркы үмүтү Конституциялык палатада болчу. Бул үмүтү дагы таш капты. Эми актана турчу аргументи калган жок. Өзү жасаган "шектүү" иштерине жооп бериши гана керек. Атамбаев өзү каматкан саясатчылар тууралуу "Булар "параша" жыттаган эмес. Мына, мен жыттагам!.." деп көп айтчу эмес беле. Ошол сөзү эске келип жатпайбы... Тагдырдын тамашасын карагылачы, -деп "Жаңы Ордо" гезити жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости