www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Айпери Кубик кызы өзүнүн келбети боюнча социалдык тармагына жазып чыкты. Төмөндө өзү жөнүндө жазган пикири толугу менен:

Кандайсыздар? Буга чейинки видеодо менин "попама" асылгандар көп болуптур. Негизи мен бирөөгө бирдеке далилдегенди анча жактыра бербейм. Унчукпай коеюн десем, таза жалаа жапкандар көп экен. Жасалма кийип алган, билинип турат дегендер. Эми силерге кантип далилдешти деле билбей калдым. Бир туруп тамашалап, "попа кийди" деген кыздарды баняга чакырсамбы деп коем. Айтоор, кечээ бир тойдо, кээ бир кыздар сүрөткө түшүп жатып, улам акырын кучактамыш болуп кармап көрүп жатышты. Аны да байкап турдум. Анан бирөө ачык эле "Аа, өзүнүкү эле экен" деп коет. Чынында арык, узун болуп турсам, көбү ишене бербейт экен. Эми бул да Кудайдын бир берген белеги экен, шүгүр. Эми болгон нерсени жашыра албайт экенсиң да. Капа болбойсуздар, ачык жазып койсом. Болгону кайра-кайра эле жасалма дей берсе кызыктай болот экенсиң...Туура түшүнүп коюңуздар. Анан да мен жасалмалуулукту (бардык мааниде) өтө жаман көрөм!, - деп жазган Айпери Кубик кызы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости