www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев уулун үйлөп, элден бата алган тойдо “Текебаев-Атамбаев-Бабанов” тандеми түзүлгөнү тууралуу пикир жаралган. Өткөн жекшемби күнү эки революциянын бульдезору Азимбек Бекназаров көкүрөк күчүгү Токтогулду үйлөп, той берип ошол эле Өмүрбек Бабанов менен Руслан Казакбаевди конокко расмий чакырса да келбей коюшкан.

Бул тууралуу “Жаңы Ордо” басылмасы жаңы чыккан санында жазды.

“Саясаттагы эл билбеген көп сырлар тойдо ачыктала баштады. Руслан Казакбаев уулун үйлөп, элден бата алган тойдо Текебаев-Атамбаев-Бабанов тандеми түзүлгөн пикир жаралган. Өткөн жекшемби күнү эки революциянын бульдезору Азимбек Бекназаров көкүрөк күчүгү Токтогулду үйлөп, 500 адамды чакырып, эки жашка бата алып берди. Тойдун коногу болуп айтылуу Үсөн аке Сыдыков баштаган карт саясатчылар, Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Мыктыбек Абдылдаев баштаган депутаттар, президенттин атынан Турдуназир Бекбоев, саясий көз караштын айынан камалып чыккан Эркин Булекбаев, Бектур Асанов, оппозициячыл Равшан Жээнбеков, улутчул-мекенчил саясатчылар, коомчулукта ар кандай сөздү жараткан Эркин Мамбеталиев болушту. Руслан Казакбаев менен Өмүрбек Бабанов расмий чакырылган экен, алардын карааны көрүнбөдү”, - деп жазат аталган басылма.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым басылмалар Өмүрбек Бабанов Азимбек Бекназаровдун улуу уулунун өкүл баласы экендиги тууралуу маалыматтарды таратып келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости