www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралган жок. Бул туурасында анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев башка иш боюнча соттолгонуна байланыштуу анын баш коргоо чарасы каралган эмес. Аны менен катар Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаевдин да бөгөт чарасы каралган жок. Буга алар 9-октябрда болгон "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандык боюнча кылмыш ишине айыпталып жатканы себеп болгон.
Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандардын соттук процесси өтүп, айрымдарынын үй камагындагы мөөнөтү узартылган. Алардын арасында Жолдубаева, депутаттар Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина бар.
Жыйында Атамбаев өзүн абакта калтырууну, ал эми тарапташтары Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаевди үй камагына чыгарууну сураган.
Белгилей кетсек, Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.
Ага чейин кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.
Булак: NazarNews.kg