www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап жаткан өзбек жарандарын кармашты. Алар Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз жашап жүрүшкөн. 

Кармалган жарандар Фергана облусунун 1994-жылы туулган М.А. аттуу жана 1999-жылы туулган М.М. аттуу тургундары болгон.

1999-жылы туулган жарандын айтымына караганда, октябрь айында жашоо шартынын оордугуна байланыштуу Кыргыз республикасынын аймагына сойкулук жасоо үчүн мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгүн жашырган жок. Ал экинчи кармалган М.А. менен бир батирде жашашкан. Өзбекстандын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз түрдө бузуп өтүү фактысы боюнча топтолгон материалдар жана кармалган жарандар улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине иликтөөнү улантуу үчүн өткөрүлүп берилди.

 

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости