www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№47 абакта соттолгондор жерге дасторкон жайып отурушкан видео интернетке тарады.

Тасмадан жерге дасторкон жайылып, анда соттолгондор тамак ичип атканын көрүүгө болот. Ошондой эле, дасторкон четинде кримтөбөл Камчы Көлбаевдин отурганын көрүүгө болот.

Жана бул отурушта соттолуучу орусиялык ырчы Алла Пугачеванын "Миллион алых роз" ырын ырдап жатканы тартылган.

Эске салсак, Камчы Көлбаев 22-октябрда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми 2-ноябрда №47 абакка которулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости