www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нур-Султанда 11-ноябрга караган түнү маркум жарандык активист Дулат Агадилдин 17 жаштагы уулу Жанболат Агадилов бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шейшемби күнү түнкү саат 11лерде полицияга Көктал кичи районунда «массалык мушташ» болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган тартип сакчылары «өспүрүм балдардын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка айланганын» аныкташкан.

«Жыйынтыгында эки өспүрүм жабыркаган. Алардын бирөө, 17 жаштагы Агадилов бычактан жаракат алып, тез жардам кызматы келгенче каза болуп калды», — деп жазылган департаменттин билдирүүсүндө.

Полиция бул окуяга байланыштуу «Адам өлтүрүү» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча тергөө иштерин баштады.

«Азаттыктын» казак кызматы өз булактарына таянып, шектүү катары бир киши кармалып, дагы экөө изделип жатканын кабарлады. Азырынча топтошкон өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжалдын чыгышына эмне себеп болгону белгисиз.

Жарандык активист Дулат Агадил быйыл 24-февралда кармалып, эртеси Нур-Султандагы тергөө абагында каза болгон. 25-февралда ал Европарламенттин депутаттары менен жолукмак. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадилдин өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санап, бийликтен бул ишти ачык жана адилеттүү тергөөнү талап кылышкан. Ушундай эле чакырыкты АКШнын Мамлекеттик департаменти, Улуу Британиянын Казакстандагы элчилиги, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу жасаган.

28-майда Нур-Султан шаардык соту Дулат Агадилдин өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулганын билдирген. Атайын комиссия жарандык активисттин денесинде тактар болгон эмес деген корутунду чыгарган. Агадилдин туугандары буга макул болбой, прокуратурага кайра арыз менен кайрылышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости