www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Мусулмандар дин башкармалыгы мусулмандар башка диндин өкүлдөрү менен никеге туруу мүмкүн эместиги жөнүндө теологиялык корутунду чыгарды.

“Конфессия аралык, анын ичинде христиандар жана иудейлер менен Орусия аймагында никеге турууга болбойт. Айрым учурларда гана жергиликтүү муфтийдин чечими менен бардык учурларды эске алып, уруксат берилиши мүмкүн “, – деп белгиленген документте.

Дин ишмерлеринин айтымында, башка диндеги кыз бир гана Кудай бар экенин мойнуна алып, Ыйса менен Мухаммедди кудайдын жердеги элчилери катары кабылдап, Курандын шарттарын аткарууга макул болсо гана мусулман менен баш кошо алат.

Орусия Муфтияты дагы бир фатвасында нике кыюу жөрөлгөсүнө милдеттүү түрдө кыздын мыйзамдуу опекундары жана күбөлөр катышуусу керек экенин белгилеген.

Документте мындай чечим үй-бүлө курууда мусулманды жоопкерчиликке чакырган баалуулуктарды сактап калуу максатында кабыл алынганы жазылган. Опекундар жөнсүз себептерден улам никеге тоскоол болбошу керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости