www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусундагы Лейлек районунун Арка массивине суу берүү үчүн дюкер курууга 50 миллион сом бөлүндү. 

Белгилей кетүүчү жагдай, Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапарында жергиликтүү эл облустагы Арка массивине суу жеткирүү маселесин чечип берүүнү өтүнгөн. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары агенттигинин маалыматы боюнча, долбоордо 1800 гектар жаңы жер өздөштүрүү жана 2800 гектар жерди суу менен камсыз кылууну жогорулатуу каралган. Сугат суу Козу-Баглан дарыясынан алынат. Ири долбоор болгондуктан дюкердин курулуш иши 4 баскычка бөлүндү. 

Биринчи баскычта башкы суу алгычтын курулушу жана баштапкы каналды реконструкциялоо иши каралган. Бул жумуштарды 2021-жылдын сугат мезгилине чейин бүткөрүү мерчемделди.

Ал эми экинчи – Кулунду каналын реконструкциялоо, үчүнчү – жаңы дюкер куруу, колдонуудагы туннелди кеңейтүү, төртүнчү – Максат каналын куруу. Лейлек районун Максат айылындагы Арка массивине суу берүү долбоорунун курулуш иши ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада көрсөтүлгөн мөөнөттө бүткөрүлөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости