www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө балдардын ден соолук жана билим берүү комплекси ачылды. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, комплекс эртеңки күнү мамлекеттин ишенимдүү таянычы боло турган кичинекей кыргызстандыктар үчүн эшигин ачты.
Ошондой эле комплексте дарыгердин кабинети, тиш доктур кабинети, шахмат ийрими, көркөм сүрөт классы ачылып, сууда сүзүү, музыка, кыргыз, орус, англис тилдери, жеңил атлетика үйрөтүлөт.
Бул Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн жалгыз үйү экенин баса белгиледи.
"Алардын башка экс-президенттерге окшоп Мински, Лондон, Москва эмес, жада калса Бишкекте да үйлөрү жок. Эми алар да прокуратурага доо арыз менен кайрылышты. Соттор адилт чечим чыгарат деп ишенем", — деп жазган Султанбеков.
Эске салсак, Атамбаевдин көрсөтмөсүнө байланыштуу окуу жылы аяктаган соң, 10-июнда анын жеке резиденциясында эс алууга муктаж балдар үчүн окуу-эс алуу спорт комплексин ачуу пландалган.
Бирок Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду карылар үчүн социалдык стационардык мекеме түзүү сунушталганын билдирген.