www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен катталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери А.Д.М., Д.М.Т., Х.Р.Р., КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.С.Т., “Достук” санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.Ж., “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз акча өндүрүүсүнө тиешеси бар ортомчулар С.А.Ж., А.Б.Т., кармалды.

Жогорудагы адамдарга карата Ош шаардык соту тарабынан 2022-жылдын 24-июнуна чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости