www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин келечеги  кандай болот?

«Жакшы болуш астас-аста, жаман болуш бир паста» демекчи, экс-президент Алмазбек Атамбаев кашыктап чогулткан кадыр-баркын, чөмүчтөп чачып алды көрүнөт. «Ачык айкын болуш керек, адилеттүүлүк болуш керек, баардыгы таза жол менен өтүш керек» деп эле басып жүрүүчү Атамбаев 31-мартта өтө жашыруун жол менен КСДП партиясынын төрагасы болуп шайланып алды.

Шайланганын шайланды, бирок топтогон кадыр-баркы жайланып калганын түшүнбөй да калды окшойт. Партиянын курултайды уюштуруучулары ага 190 делегат чакырылганын, курултай өтчү жай чакан болгондуктан, журналисттер да киргизилбей турганын билдиришкен. Ошол 190 делегат да толугу менен катышкан жок. 10го чукул депутат бойкот жарыялады. Атайын алыстан ат арытып, жол карытып келген 4 делегатты «тизмеде жоксуңар» деп киргизбей коюшту. 15 делегат курултай өтүп аткан чакта нааразычылыктарын билдирип чыгып кетишти.

Ошентип 190 делегаттын да башын биритире албады Атамбаев анан кантип партияны башкарам деп атканына түк түшүнүү кыйын. «Саясаттан кетем» деген адам ошол сөзүнө туруп кеткен болсо, эл ичинде да кадыр-баркы бийик бойдон калат эле. Өз сөзүнө тура албаган адамды кантип өзгөлөр сыйламак эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости