www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаа мүйүзү Шаршенбек Абдыкеримов, бал тили Балбак Түлөбаев, дарамети Дастан Жумабеков, камчысы Канат Исаев, кокосу Кожобек Рысбаев баш болгон кылжыңдаган “Кыргызстан” партиясы БШКга документтерин өз мөөнөтүндө тапшыра албай калды. Мындайча айтканда өздөрүнө өздөрү ишенип жүрүшүп он сегиз мүнөт кечигип калышты. Мыйзам боюнча кечиккен соң өз жазасын алыш керек. Бирок “мурдунан суу аккан” Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстан” партиясынын, айрыкча Шаа мүйүзү Шаршенбек Абдыкеримовдун капчыгына, бал тили Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү курортторуна, Атамбаев спикерге жеткизген дарамети Дастан Жумабековдун “Майнелеген” тантык тилине, камчысы Канат Исаев калпына, кокосу Кожобек Рысбаевдин алтындарына кызыгып кечиксе эмне экен деп өткөрүп коюшу сөз жок. Деги Атамбаевдин СДПК партиясынын “клону” катары түзүлгөн “Кыргызстан” партиясы бул парламенттик шайлоодо өз алдынча аттандыбы же кимдир –бирөөгө “клон” болдубу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости