www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин билишинче Садыр Жапаров Атамбаевдик бийлик тарабынан куугунтук жеп, ар кандай жалаалар менен бийликтин өкүлүн барымтага алган деп күнөөлөнүп 11,6 жылга эркинен ажыратылган. Учурдагы жагдайлардан улам ал убактылуу өкмөт башчылыгына келди. Эмнегедир ал Атамбаевдин командасы менен сүйлөшүүлөргө барып жатканы таң калычтуу. Соттун чечими алдында үй камагына чыгарылган активист, “Социал-демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Темирлан Султанбеков жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу СДПК партиясынын катчылыгы ЖМКларга билдирди. Белгилей кетсек, жолугушуу өкмөт башчысынын демилгеси менен өткөн.

“Мен Садыр Жапаровго анын калктын колдоосу чоң экендигин жана ага чоң үмүт артылып жаткандыгын айттым. Анын ката кетирүүгө укугу жок”, – деп саясий уюмдун катчылыгында Темирлан Султанбековдун сөзү келтирилген. Ошондой эле Султанбековдун айтымында, Садыр Жапаров баарын башынан баштоого даяр экендигин билдирди.

“Эгерде Садыр Жапаров кризистик менеджердин милдетин өзүнө алып, Жээнбековдорду кууп чыгууга даяр болсо, ага бул жагынан колдоо керек” – деди Темирлан Султанбеков. Эскерте кетсек, Темирлан Султанбеков башаламандык уюштурган деп айыпталууда. Ал 9-октябрда аянтта өткөн митингден кийин кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал СИЗО-1ге жайгаштырылып, 14-октябрда үй камагына бошотулган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости