www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү парапсихолог, көзү ачык Мелис Карыбеков акыркы учурда азыркы бийлик жана саясатчылар тууралуу айткандарын аз-аздан улантууда. Бул ирет дагы азыркы жана мурунку президент, алардын тагдыры, саясый күрөш жана саясатчылар жөнундө өз "маалыматы"боюнча айтып берди.

—Мелис мырза, өткөндө берген маегиңизде мурунку жана азыркы ажону тең бир аз сынга алган экенсиз? Анын себеби эмнеде? Бирок көбүрөөк Атамбаевге жан тарткандай айтыпсыз...

—Мен Алмазбек Атамбаевге да, Сооронбай Жээнбековго да каршымын. Экөөнө тең ишенбей калдым. Бизге жаңы күч керек. Үчүнчү адам керек. "Түгөнгөн сайын түтөгөн элбиз да". Кудай буйруса, элди бага тургандар да чыгат. Кыргыз эли эң ириде хандарынан сактанышы керек. Хандын жүрүштөрүн катуу көзөмөлгө алып турбаса болбойт. Сооронбай Жээнбековдун учурунда мамлекетте чоң өнүгүү болбойт. Элди багышы да кыйын болот. Бирок өтө жаман да болот деп айтууга болбос. Орто, балким андан да төмөн болоор. Саясаттын казаны алдыңкы алдыңкы мезгилде катуу кайнайт. Эл күтпөгөн окуялар да иш жүзүнө ашат. Жээнбековдун бийлиги да жаңылат, жаңылуу болбой койбойт. Болот. Ага жараша сындар да катуу болот. Жалпысынан алганда эл азыр колдоп жатат дейли. Бирок эл ичинде колдобогондор да арбын. Колдобогондор бара-бара коомдун пикирин, көз карашын өзгөртүп жибериши да толук мүмкүн. Муну эстен чыгарбаш керек.

 

(уландысы бар)

Булак: Багыт.кж гезити

Последние новости