www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист менен төкмө акындын чөнтөгүнө баңгизатын сала койдуруп, камакка алууну ушул мент уюштурганы айтылууда. «Шибегени капка ката албайсың» дейт. Улан Султанов ИИМ алдындагы ГУБНОНдо жетекчиси.

Былык иштери үчүн өздүк курамдын ичи чыкпай жатыптыр. Тийешелүү милдетин аткара албай, «эптеп күн өтсө болду» дегендей жүргөнү өкүндүрөт. Баңгизатка каршы күрөшүүдө көзгө басар ийгилиги деле жок. «Солго иштеп» коюп, сактанып отурабы?

Улан Султановдун өнөрү эле ушул жогорку жетекчиликке кантип жагуунун миң түрлүү амалдары менен күн батырып, эптеп кызматта илинип турса... Ишинин жыйынтыгы жок. Тескерисинче, уят кылууда. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин начальниги кезинде атасы Алымбай Султановдун аркасы, кудасы Алмазбек Атамбаевдин түз колдоосу менен сакталып отурчу.

Кол астындагы кызматкерлери коррупцияга, паракорчулукка шектелип эле кармалып жатчу. Жасалма кылмыштуулук менен отчёт беришкени да сынга кабылбады беле? Айтор, былыгы арбын эле. Эми ГУБНОНдо жашынып отуруп алып, натыйжалуу ишин көрсөтө албай, бүлүк салып, бүтүндөй системаны артка тартканы айтылууда. Качанкыга чейин байып, тайрандай берет?

Булак: Азия News гезити

Последние новости