www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын KEGOC компаниясы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандагы жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин атаганын Sputnik-Казакстан жазды.

Эске салсак, 25-январда Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасында алгачкы жолу масштабдуу өчүрүү болгон.

Компаниянын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 25-январында саат 11:59да Өзбекстанда чукул туташуудан улам Сыр-Дарыя ГЭСинде алты энергоблок өчкөн. Жалпы жонунан генерацияда жоготуунун көлөмү 1 500 МВтка жеткен.

"Өзбекстандын энергосистемасында жаралган кубаттуулуктук таңсыктыгы Казакстандын энергосистемасынан эскертүүсүз кубаттуулуктун алынышын шарттаган. Казакстандын энергосистемасы Өзбекстан жана Кыргызстандын системасы менен параллель иштейт. Натыйжада 500 кВ "Казакстандын Түндүк — Чыгыш — Түштүк" транзитине күч келген", — деген компания.

KEGOC жарыктын өчүрүлүшүнө майнерлердин ишмердүүлүгү себеп болду деген маалыматты четке каккан.

Эске салсак, буга чейин "Стратегиялык иштеп чыгуу борбору" фондунун "Отун-энергетика комплекси тармагындагы экономика" багыты боюнча жетекчиси Александр Амирагян Борбор Азиядагы энергошакекчеден чыккан аварияга криптовалюталардын майнинги да себеп болушу ыктымал экенин билдирген.

KEGOC — электр түйүндөрүн башкарган казакстандык компания.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости