www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте айдоочу 8 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда саат 19:00дө Мирахимов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен 8 жаштагы Г.Р. аттуу баланы сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Кырсыктан жабыркаган бала ооруканага жеткирилген.

Кайгуул кызматы окуяга шектүүнү аныктаган. Ал “Тойота Ранкс” үлгүсүндөгү унаанын 19 жаштагы Т.А. аттуу айдоочусу экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.

"Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталды", - деп билдирет милициянын кайгуул кызматы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости