www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын министрлер кабинети быйыл өлкөдө жогорку ылдамдыктагы 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландап жатат.

Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган.

Бул тапшырманы аткаруу жоопкерчилиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2022-жылдын биринчи кварталынан 2023-жылдын төртүнчү кварталына чейин деп белгиленген.

Биринчи этапта бийлик технологияны тесттик режимде ишке ашырып көрүүнү пландап жатат. Ага чейин радиожыштыктын тилкесин аныктап, тесттик текшерип көрүүнүн сценарийин түзүп, технология жайгашчу пилоттук зонанын аянтын аныктоо сыяктуу маселелер чечилмекчи.

Министрлер кабинети бул долбоорду 2021-жылдын аягына чейин ишке ашырууну пландаган.

5G технологиясы — маалымат алмашуудагы кыйынчылыктарды жоюуга, жасалма интеллектини киргизүүгө жана келечекте "акылдуу шаар", "акылдуу турак жай" долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости