www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Тойгонбай Абдыкадыров Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Киргшелк айылындагы көрүстөндөгү "көркоолукту" (вандализмди) айыптап, билдирүү таратты. Анда мүрзөлөрдү, анын тегерегиндеги темир тосмолорду бузуу "адепсиздиктин жана караңгылыктын кесепети" деп айтылат.
"Бардык диндер көрүстөндөрдү бузууга жана зыян келтирүүгө багытталган аракеттерди жектейт. Маркумдун туугандары тургузган айкел, жазуулар же тосмолор маркумдун урматына арналган буюм болуп саналат. Көрүстөндөгү мүлктөрдү уурдоо, жок кылуу бул бузукулуктун жана наадандыктын белгиси", - деди Абдыкадыров.
Ал бардык конфессиялардын өкүлдөрүн калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.
Учурда вандализм көрүнүшүн күч органдары иликтеп-териштире баштады.
Ысык-Көлдө 2019-жылы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы катталып, жергиликтүү милицияда тергөө тобун түзүлүп, кылмыш иши козголгон, бирок кылмышка шектүүлөр аныкталбай калган.
Булак: NazarNews.kg