www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ: Баткенде жалпысынан 11 052 адам эвакуацияланган

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам болжол менен 11 052 адам эвакуацияланган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт. Билдирмеге караганда, эвакуациялангандардын 10 410у коопсуз аймактагы үйлөргө, 642 адам убактылуу түзүлгөн жайларга жайгаштырылган.

Кайсы аймактын эли кайда жайгаштырылды?

Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар айыл аймагы, Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 000ге жакын тургуну Рават айылына;

Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына;

Мурза-Патча, Сада аймагы, Ак-Арык жана Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө;

Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей тургуну Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылган.

Азыркы тапта эвакуация болгон эл дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар керектүү каражат менен камсыздандырылганы айтылат.

Бүгүн саат 8.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлдү.

Эске салсак, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган.

Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.

Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Sputnik-Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.

Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пункттан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу дагы каралган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, чек арада чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Алардын баардыгы аскер адамдары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости