www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажиктер «Спутник-Тажикстан» сайты аркылуу өздөрүнүн максатын кечээ так даана көрсөтүп алышты. Кандай болгон күндө дагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы оң тарапка чечилди сыягы.

Жолугушууга КР Президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев, укук коргоо жана күч структураларынын жетекчилери менен биргеликте Тажикстандын Согдий облусунун губернатору Раджаббай Ахмадзода, тажик тараптын чек ара өкүлү генерал-майор Х.Пиракзода жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышканын, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Болору болду, боёсу канды. Азырынча Баткен тараптан үстүртөн маалыматтар берилгени менен тажиктердин огунан жапа тарткандар тууралуу так маалымат жок.

Баса, кечээги чек арадагы ызы-чуудан кийин Тажикстандын Кыргызстандын элчиси Жаныш Рустамбековду социалдык тармакта жоктогондор кайрадан көбөйдү. 2021-жылы 4-майда чек ара жаңжалындагы куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болуп 189 тургун жаракат алган. Ошондой эле, 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Беш жалпы мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.Так ушундай кырдаалда дагы «сүткө тойгон күчүктөй» болгон элчи Рустамбеков бир үн каткан эмес. «Токойдогу доңуздай, капчыгайдагы камандай» болгон мындай элчинин кереги барбы же жокпу? Эмомали Рахмонго келин болгондой кыргыздан качкан Рустамбеков тирүүбү же тилин жутуп алганбы? Айтор, мамлекет кадр маселесинен аксап келе жаткандай.

«Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман» дегендей, депутат Адахан Мадумаровдун айтканында калет бар, «элчи деген элчидей болсо, ал кыргыздын жүзү да» атаганат.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин тосуп салышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ок атууну токтотуу, эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү, Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу, чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу келишимдерге макулдашылган. 

Ошентип, Рустамбеков «Баткенде да жок, жок, тажиктерде да жок, жок, сени издедик, бирок таппадык»...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости