www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан куралдуу күчтөрү оор ок атуучу техникасын чек ара аймактарына алып келип, жергиликтүү элди дүрбөлөңгө салууда. Бул тууралуу, өз атын атагысы келбеген тажик жаранынын билдирүүсүн "Ворух маалымат агенттиги" жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Биз кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда конфликт болуусун каалабайбыз. Эмомали Рахмондун үй-бүлөлүк башкаруусун сактап калуу үчүн курман болгубуз келбейт. Бийлик элди алаксытуу үчүн атайын чагымчылык кылууда. Мунун аркасында Рахмондун бийлиги турат. Кыргыздар менен согушмак тургай, чыр-чатакты да каалабайбыз. Ансыз да Тажикстандагы кымбатчылык, оор жашоо жетишет. Ворух айылындагылардын 70-80 пайызы Орусияга көчүп кеткен. Айыл ичи мам зат колдонгон аскерлерге толуп кетти. Коркуп жатабыз. Бул көрүнүш токтош керек", - деп айтып берген.

Эске салсак, кечээ, 27-январда, болгон атышууда Кыргызстан тараптан 11 аскер кызматкери жаракат алып, ооруканага түшкөн. Ал эми тажик аскерлеринен 10 адам жарадар болуп, 2 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости