www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө жогорку кызматта иштээрин айтып, алдамчылык жолу менен акча алып жаткан аял кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, РИИБге Бишкек шаарынын тургуну Майрам аттуу аялга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Анын айтымында, январь айынын башында белгисиз келин өзүн президенттин администрациясынын кызматкери катары тааныштырып, "Кумтөр" ишканасына ишке орноштурууга жардам көрсөтөрүн убадалаган. Бул үчүн арыз ээсинен 4 миң доллар сураган.
"Ал акчаны жогорку кызмат орундарын ээлеген адамдарга жана ишкананын жетекчилигине берерин айткан. Кийинчерээк ал аялдын президенттин администрациясына эч тиешеси жок экени жана алдоо жолу менен акча өндүрүүгө аракет кылганы маалым болгон", — деп айтылат билдирмеде.
Бул иш Ысык-Көл РИИБдин Бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталып, кылмыш иши козголду. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Ал ушул эле райондун 37 жаштагы А.М. аттуу тургуну болуп чыкты.
27-январь күнү ал акча алып жаткан жеринен кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.
Булак: NazarNews.kg