www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин кызы Алия Шагиева элди митингге чакырды

Бүгүн, 16-ноябрда эски аянтта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтөт. Бул тууралуу анын кызы Алия Шагиева Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

Алия Шагиеванын айтымында, Алмазбек Атамбаев абакта мыйзамсыз отурат.

“Достор, көпчүлүгүңүздөр билесиздер, менин атам Алмазбек Шаршенович Атамбаев темир тор артында мыйзамсыз отурат. Эч кандай далили жок. Бардык сот отурумдар жабык эшик артында өтүп жатат. Алар күбөлөрдүн көрсөтмө беришине жол беришпейт жана иштин жүрүшүнө ар кандай жол менен тоскоолдук кылышат. Мен жана менин туугандарым ачык, чынчыл сотту талап кылабыз”, – деди Шагиева.⠀

Ошондой эле Атамбаевдин кызы кайдыгер карабагандардын баарынан атасын колдоп, митингге келип колдоп берүүсүн өтүндү. Ал эртеби-кечпи адилеттүүлүк орнойт деп баса белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости