www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19дун биз билбеген дагы кандай коркунучтары бар?

Россиялык эндокринолог-дарыгер Марина Шестакова коронавирус инфекциясы кандай жашыруун коркунучтарды алып келерин тизмектеди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адис коронавирус уйку безине терс таасирин тийгизерин, андыктан COVID-19дан айыкандарда кант диабетине чалдыгуу коркунучу жогору экенин белгиледи.

"SARS-CoV-2 вирусунун рецепторлору уйку безинин бета-клеткаларында кездешет, демек, бул биринчи типтеги диабеттин өнүгүшүнө түз жол. Кандагы канттын көбөйүшү менен коштолгон диабет коронавирус инфекциясынын оор түрүнүн тобокелдиги боюнча кооптуу оору болуп саналат", — деген Шестакова.

Эндокринолог пандемия учурунда кыймылдын чектелишинен улам семирүү коронавирустун дагы бир жашыруун коркунучу экенин атайт.

"Салмак кошуу, тоё тамактануу, кыймылдын чектелиши — бул экинчи типтеги кант диабетине түз жол", — деп эскертет дарыгер.

Деген менен адис бул арык адамдар COVID-19га чыдамкай болот дегендикке жатпасын белгилейт.

"Денеси бардык жагынан чапчаң адамдарга караганда, арыктыктан жана ашыкча салмактан жабыркагандарда коронавирус инфекциясынын оор түрүн жугузуп алуу коркунучу жогору болот", — деген дарыгер.

Шестакова, ошондой эле, коронавирус кандагы канттын деңгээли жогору болгон учурда организмге активдүү кирерин айтты. Мындан тышкары, COVID-19 менен ооруган адамдын стресске түшүшү кант диабети жокторду гипергликемияга (кандагы глюкозанын деңгээлинин жогорулашы) алып келерин белгилейт.

"Адатта, адам коронавирустан айыккандан кийин мындай гипергликемия дагы өтөт. Бирок ал адамда бир нече айдан кийин кант диабетине чалдыгып калуу коркунучу бар. Бул абал кадимки диабетке караганда коронавирус менен ооруган бейтаптын калыбына келүү болжолунан да жаман болгон", — деп белгилейт Шестакова.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда соңку суткада 551 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ооруканада илдет менен алышып жаткандардын үчөө көз жумду.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости