www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев –көпчүлүк иштөө мөөнөтү Борис Ельциндин убагына туура келет. Бокең грандуу стакан менен басып алган соң барабан ойногусу келчү дешет. Барабан алып келишсе, ага болбой Акаевдин башын барабан кылам деп убара кылчу дешет. Путин менен беш жыл иштешип калды. Вокең жаңы саясатка аралашып жатканда 2001-жылдын 11-сентябрдагы Кошмо Штаттардагы террористтик жардыруулардан улам, алардын авиабазасы «Гансини» Кыргызстанга кийирип авиакеросиндерди бизнес кылып Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков сыяктуулар чириген байларга айланышты. Акаев болсо Путин жөтөлүп койсо селт этип чоочуп кетчү.

Курманбек Бакиев –Путин менен үч жылдай иштешип калды, 2008-жылдан Орусияга Дмитрий Медведев президент болот. Өндүрүшчү Бакиев Камбар- Ата-2 ГЭСин кура баштаган, Орусия 2 млрд доллар жардам бермек. Экинчи мөөнөткө президенттик инаугурациясын өткөрөр алдында ЖККУнун саммити болуп Медведев, Лукашенко, Назарбаев, Рахмон сыяктуу президенттер келишип, тойлоп кетишти окшойт. Бакиев жалгыз гана Орусиянын көзүн карабай Кытай, АКШ менен кызматташып, көп полярдуу саясат жүргүзгөнү, акыры анын бийлигинин түбүнө жетти.

Роза Отунбаева – президенттик маалында Путин өкмөт башчысы эле. 2010- жылы 18-20-ноябрда Санкт-Петербург шаарында премьер-министрлердин жыйыны болгон. Бул жыйынга техникалык өкмөттө премьер жок болгондуктан президент Отунбаева катышкан. Кыргызстанда СДПК, «Ата-Мекен», «Республика» партиялары өкмөт түзө албай чанжырап турган. Путин мындай парламентке катуу ачууланып, мындай парламенттен көрө сиз башкара бериңиз деп Отунбаевага айтканы бар. Экинчи «попыткада» «Ата-Журт» партиясы кийлигишип, парламент сакталып калган.

Алмазбек Атамбаев –мамлекет башында турганда Кыргызстан Орусия Федерациясынын бир субьектисинин милдетин аткарып калган. Орусия Кыргызстанды каалагандай калчады. 38 миллион долларга Жогорку Нарын мини ГЭСин куруп берем момпосуй бере тургансып алдады. «Кыргызгазды» 1 долларга сатып алды, бирок Өзбекстанга болгон көз карандылыктан кутулдук. 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына келди эле Алмазбек Шаршенович беркиден бастырып алган окшойт, «дос» деп  Путинди кучактап жүдөтүп жиберди. Путин «досу» Атамбаев камалган соң көңүл деле бурган жок.

Сооронбай Жээнбеков –Путин менен жакшылап таанышкыча кызматынан айрылды.

Садыр Жапаров –Путин бийлик алмашуудан соң көңүл бургусу келбей жатты эле. Аны туурап анын көзүнүн агы менен тең айланган президенттер да. Бирок жакында болуп өткөн президенттер менен болгон онлайн-жыйында Садыр Жапаров чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, Путин менен телефон аркылуу жекеме-жеке сүйлөштү.  Ушундан соң  Орусиянын Кыргызстанга болгон мамилеси жакшы жагына айланып бараткандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости