www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-мартта, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президенттин медициналык кароодон өтүүдөн баш тартканы боюнча комментарий берди.

"Кечээ Алмазбек Атамбаевдин медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышына эл көзүнчө жасалышын каалабаганы себеп болду деп эсептейм. Жүрөк оорусу абакта эмес, шарты бар жеке менчик же мамлекеттик кардиоборбордо каралышы зарыл. Атамбаевдин инфаркт алып өлүп калышын каалашпаса толук кандуу текшерүүдөн өткөрүш керек. 23-март күнү №47 колонияда болгон окуядан кийин Алмазбек Шаршеновичтин жүрөк оорусу күчөгөнү байкалды", — деди адвокат.

Эске салсак, 23-март күнү жактоочу Замир Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин билдирген. Анын айтымында, № 47 колониянын кызматкерлери аны абактан футболка, ич кийимчен мажбурлап алып чыгып конвоирлерге өткөрүп берген. Эртеси Атамбаевдин тарапташтары ага жасалган мамилеге нааразы болуп түрмөнүн алдында митинг уюштурган.

Андан көп өтпөй Кыйноолорду алдын алуу борбору мурдагы Атамбаев аталган окуяга байланыштуу абакка барып, экс-президенттен кабар алган. Маектешүү учурунда Атамбаевдин буту-колу көгөргөнү аныкталганын билдирип, ал жана башка жагдайлар боюнча бир нече акт түзүшкөн. Белгиленген фактылар боюнча Кыйноолорду алдын алуу борбору тиешелүү органдарга кайрылуу жибере турганы айтылган. Андан сырткары акыйкатчынын өкүлдөрү да барган.

Атамбаевди сотко алып келгени боюнча ЖАК өзүнүн маалыматын тараткан. 25-мартта президент Садыр Жапаров да бул окуя тууралуу үн каткан.

«Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат» деген сөздөр болуптур. Мага кыянаттык кылгандардын баарын кечиргем. Алардын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш иели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо, сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок», — деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости