www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү Бишкекте соттордун ишин жакшыртуу боюнча кезектеги чоң чогулуш болуп өттү жана анын ишине дээрлик баардык сот уюмдарынын – Жогорку менен Конституциялык соттун, Соттор кеңеши менен Сот тандоо кеңешинин, Адилеттүүлүк боюнча жогорку мектеп менен Сот департаментинин – жана башка уюмдардын жетекчилери катышты.
Талкууланган маселелер арасында – сот жыйындарынын жүрүшүн толугу менен аудио жана видеого жазуу жана соттордун ишине адистик баа коюу маселелери да болду. Былтыр ноябрда кабыл алынган Соттук өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык, соттордун ишине бааны Соттор курултайы менен Соттор кеңеши берүүгө тийиш.
Кыйын деле эч нерсе жок – ким кандай чечим чыгарып, эмне ката кетиргенин карап, баа коюп коюш керек, бирок ишке такай саясат кийлигишет эмеспи. Мисалга, кечээ күнкү жыйынды дагы президенттик администрациянын тиешелүү бөлүмү уюштурган. Аудио жана видеофиксацияны болсо өлкөнүн бардык сотторуна жарым жыл ичинде киргизип салса болмок, бирок маселе көптөгөн жылдар бою талкууланып келет.